"Дүкөн тоногон" деп шектелип Аламүдүн районунун тургуну кармалды

Бишкек шаардык ИИББи "дүкөн тоногон" деп шектелип бир жаран кармалганын кабарлады. Кылмышка шектүү адам "19-апрелде шаардын Койбагаров көчөсүндө жайгашкан соода түйүнүнүн эшигин бузуп кирип, ичинен 10 миң сомдук азык-түлүк көтөрүп кеткен" деп күнөөлөнүүдө. Болуп өткөн окуя боюнча дүкөн ээси милицияга арыз менен кайрылып, кылмышкерге карата чара көрүүнү тартип сакчыларынан өтүнгөн. Мындан соң Октябрь РИИБинин кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, 44 жаштагы Аламүдүн районунун жашоочусун тузакка илишти. Азыркы тапта иликтөө иштери башталып, кармалган жаран сурак берүүдө. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан