АКШнын жараны Ош облусунда өлдү деп өзүнө эстелик тургузуп, камсыздандыруу компаниясынан акча өндүрүүнү көздөгөн. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 1985-жылы Өзбекстанда туулган И.А. аттуу адам 2000-жылы АКШга барып, ал жактын жарандыгын алуу менен бирге камсыздандыруу компанияларынын биринен өз өмүрүн 1 миллион долларга камсыздандырган. Кийин ал камсыздандыруу төлөмүн алуу үчүн каза болгону тууралуу жасалма тактама алып, Ош облусунун Кара-Суу районунда өзүнө эстелик тургузуп койгон.
“И.Анын туугандары камсыздандыруу компаниясынан жана дипломатиялык өкүлчүлүктөн төлөмдү талап кылышкан. Мындан улам компаниянын өкүлчүлүгү Ош облусуна келип, милиция кызматкерлерине тиешелүү тактамаларды көрсөткөн. Иликтөөнүн жүрүшүндө каза болгондугу тууралуу тактама Ош облусундагы ооруканалардын биринде берилгени жана анын жасалма экени аныкталып, кылмыш иши козголгон. Ошондой эле Оштогу ооруканалардын биринде иштеген кызматкер кылмыш жоопкерчилигине тартылып, айып пул салынган. Учурда камсыздандыруу төлөмүн алууну көздөгөн АКШнын жараны изделүүдө”, - деп билдиришти ИИМден.