Кытайда күчтүү жер титирөө болуп, каза болгондор 37 адамга жетти
20-апрелде Бишкек убактысы боюнча саат 06:02де Кытайда күчтүү жер титирөө катталды. Табият кырсыгы адам өлүмү, кыйроолор менен коштолгону кабарланууда. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, каза болгондордун саны 37, жаракат алгандар 600 адамдан ашты. Бул сан дагы да өсүшү мүмкүн. Зилзала Кытайдын батыш тарабындагы Сычуань
провинциясында орун алып, күчү 7 баллга жеткен. Аталган провинцияда 2008-жылы да күчтүү жер титирөө болуп, миңдеген адамдар каза табышып, жаракат алгандар, дайынсыз жоголгондор да миңдеген адамдарды түзгөн. Учурда окуя болгон аймакта 2 миңдей аскер кызматкери иш жүргүзүүдө. Жолдорго тосмолор коюлуп, кырсык болгон жерге атайын кызматтын унаалары гана кирип чыгууда.