Каныбек Иманалиев күнөөсү далилденбеген депутаттарды каралоо жүрүп жатканын сындады

Парламент депутаты Каныбек Иманалиев "Мегаком" жаңжалы боюнча "Ата Мекендин" 3 депутаты бүт өлкөгө коррупционер катары көрсөтүлүп жатканын сындады. Депутат жакында пара алууга шектелип кармалган Орусия министри Алексей Улюкаевдин окуясын мисал кылды.

"Жакында Улюкаевди кармашты, аны алар "ууру, коррупционер" дешкен жок. Президенттин басма сөз катчысы чыгып үч эле сөз айтты. "Кармалганы чын, бул оор кылмыш, калганын сот чечет" деди. Бизде болсо 1 сом алганы далилденбеген 3 депутатты өлкөдөгү эң чоң коррупционер деп көрсөтүүдө. Мурун сыналгыдан диктор чыкса жаш, сулуу экен деп сүйүнчү элек. Азыр теледиктор эмес, телекиллер болуп калышты", - деп оппозициялык депутаттарды мамлекеттик телеканалдардан каралоо аракетин айыптады.

Иманалиев "Мегакомго" байланыштуу Белизден УКМКга келген документтер боюнча депутаттык комиссия түзүүнү колдоп, комиссияга бардык фракциялардын мүчөлөрүн киргизүүнү сунуштады. "Ата Мекен" Белизге барып маалым кат алып келсе, "булар өз ара сүйлөшүп алышты" деп айтасыңар. Ошондуктан комиссия түзүү зарыл", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан