1995-жылы 16-ноябрда ЮНЕСКОго мүчө мамлекеттер Чыдамдуулук принциптеринин декларациясын кабыл алышкан. 1 жылдан кийин БУУнун Башкы ассамблеясы 16-ноябрда Эл аралык толеранттуулук күнүн белгилөөнү сунуштаган. Чыдамдуулук принциптеринин декларациясында "Бардык адамдар жаратылыштан ар түрдүү болушат, бирок укуктары бирдей" деп жазылган.
1995-жылы индиялык саясий ишмер Махатма Гандинин 125 жылдыгына карата ЮНЕСКО Маданжит Сингха атындагы сыйлыкты даярдаган. Бул сыйлык 2 жылда бир жолу Эл аралык толеранттуулук күнүндө чыдамдуулук жана зордук-зомбулуксуздук атмосферасын жаратуудагы эмгектери үчүн уюмдарга жана толеранттуулукка, зордук-зомбулуксуздукка кошкон салымы үчүн айрым адамдарга тапшырылат.
16-ноябрга карата жылнаама.