Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

18-апрелде президент Алмазбек Атамбаев “КРнын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, мыйзамды Жогорку Кеңеш 14-мартта кабыл алган. Ал курчап турган чөйрөнү кирдетүүчү заттарды, өнөр жай жана турмуш-тиричилик калдыктарын таштоо, көрктөндүрүү эрежелерин бузуу менен булгоонун алдын алууга максатталган. Мыйзам өзгөчө коргоодогу табигый аймактарды булгагандыгы, ыйгарым укуктуу органдар тарабынан иштерди кароонун баш ийүүчүлүгүн өзгөрткөндүгү үчүн администрациялык айыптарды көбөйтүүнү, администрациялык жоопкерчиликти карайт. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан