Өмүрбек Текебаев президенттин өкүлүнө: "Мал ээсин тартпаса, арам өлөт"

Бүгүн, 16-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев президенттин парламенттеги өкүлү Молдакун Абдылдаев менен кайым айтышты. Башында Текебаев анын жана партиялаштарынын Белиздеги оффшордук компанияга эч кандай тиешеси жок экенин айтып, "УКМК президентке жасалма кагаздарды көрсөткөн" деп айыптаган.

Президентин өкүлү: "Бизде кыргыздарда "ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат" деген сөз бар эмеспи. Сиз бул жерден каргангандын ордуна Башкы прокуратурага кайрылсаңыз болмок", - деп "Ата Мекендин" лидерине жооп берди.

Өмүрбек Текебаев Абдылдаевге: “Мал ээсин тартпаса, арам өлөт” деген сөз бар. Мен бул жерде карганган жокмун, мен далилдерди келтирип айып койдум. Каргана турган силерсиңер, тергөөдө жооп бере турган, түрмөгө отура турган силерсиңер! Мени менен акыйлашкыдай сен кимсиң?! Президенттин өкүлү болсоң эмне кылайын? Мен сенин жетекчиңе окшогондон бешти көргөм, экөөсү азыр качып жүрөт", - деп жооп кайтарды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан