Экс-премьер-министр Темир Сариев 19-ноябрда Ысык-Көл облусуна барат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын жардамчысы Назира Ахмедова билдирди.
Маалым болгондой, Сариев Ысык-Көл облусунун тургундары менен жолугушууларды өткөрөт. Мындан тышкары ал Балыкчы-Корумду унаа жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышмакчы.
Айта кетсек, 2016-жылдын 11-апрелинде өкмөттүн жыйынында Темир Сариев премьер-министр кызматынан кетерин жарыялаган. Мындай чечимге келгенин өлкөдөгү "саясий климаттын" өзгөргөнү менен түшүндүргөн.