Ошто Жоопкерчилиги чектелген мергенчилик коому мыйзамсыз аракеттерди көрбөгөнүн бүгүн, 16-октябрда SUPER.KG порталына "Юг Экохант” жоопкерчилиги чектелген мергенчилик коомунун башчысы Болот Сыдыков билдирди.
Маалыматка ылайык, буга чейин 15-ноябрда Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция аталган коомдун ишмердүүлүгүндө мыйзамсыз аракеттер бар экенин билдирген. Бул айыптоолорду аталган коомдун башчысы четке какты.
"Мен бул коомдо 3 жылдан бери иштеп келем. Буга чейин эч кандай мыйзам бузуулар катталган эмес. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын "мыйзамдагы талаптарга баш ийбей жатат" дегени чындыкка дал келбейт. Биз мыйзамдуулукту сактап иш жүргүзүп келебиз. Биздин коомдун карамагында Алай жана Кара-Кулжа райондору боюнча 130 миң гектар жер бар. Ошол эле учурда жыл сайын 3 кулжа, 10 теке, 20 суур атканга лицензия бар. Ар бир кулжа үчүн 450 миң сомго лицензия алгам. Мунун баары мыйзамдуу", - деп билдирди Сыдыков.
Болот Сыдыковдун маалыматына ылайык, быйыл чет элден 28 турист келип, анын коомуна кайрылган. Алар 2016-жылдын ушул күнүнө чейин 8 теке, 3 кулжа атып кетишкен.