Орусиялык 3 жаштагы шахматчынын Дүйнө чемпионуна жеңилүүнү каалабай, күрөштү улантканы көрүүчүлөрдү жылмайтты (видео)

Орусиядагы "Биринчи каналдын" "Баарынан мыкты" телекөрсөтүүсүнүн кезектеги 3 жаштагы катышуучусу - Миша Осипов аттуу шахматчы өзүнүн акылдуулугу, тапкычтыгы менен көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгүнө айланды.

Ал кичинекей экенине карабай шахматты мыкты ойнойт. Маалыматтарда ал шахмат оюндарын калтырбай көрөрү айтылат. Көрсөтүүнүн алып баруучусу Максим Галкин шахмат боюнча белгилүү Дүйнө чемпиону Анатолий Карповду студияга чакырып, эки мыктыны күч сынаштырат. Оюн кызуу жүрүп, Дүйнө чемпиону Карпов кичинекей гений так ойноп жатканын белгилеп, бирок убакыт аз калгандыктан, оюнду тең чыгуу менен аяктоону сунуштайт. Ал эми кичинекей вундеркинд Дүйнө чемпионуна жеңилүүнү каалабай оюнду улантат...

Оюнду толугу менен төмөнкү видеодон көрүңүз.

3 жаштагы шахматчы Дүйнө чемпиону менен жеӊиш үчүн күрөшүп, элдин алкышына татыды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
zezim2000
2016-11-16 16:07:34
кичинекей болсо да намысын колдон бербеген азамат экен
+11
jake91
2016-11-16 16:15:38
русский народ оспурумдоро подержанный болот екен
+3
Tansuluu09
2016-11-16 16:24:17
Ширини чыккан бала , акырда женилип ыйлап жибердиго ))) Акылы жетекенине тан калдым...
+4
Beksultan-007
2016-11-16 16:47:26
Карап тойбойсунго
+4
keba300989
2016-11-16 17:20:59
Эркек экен
+3
tulpar90
2016-11-16 18:33:41
Намыстуу экен ыйлап жиберди .
+2
KGstan1981
2016-11-16 19:10:12
Мен Воркута шаарында жашайм жаш балдарга детский кружоктор жана спортук секциялар бар эн негизгиси бекер мамлекет каржылайт.Кыргызстанда дагын ошондой болгондо коптогон чемпиондор чыгат эле.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан