Эми WhatsApp`та видеочалуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Бул тууралуу аталган компаниянын расмий баракчасында маалымдалды.
"Биз буга чейин көптөгөн колдонуучулардан видеочалуу боюнча сунуштарды алган элек. Андыктан бул кызматтын ишке ашканын кубануу менен жар салгыбыз келет. Жакын арада тиркеменин миллиарддан ашуун пайдалануучусу Android, iPhone жана Windows Phone түзүлүштөрү аркылуу видеочалуу аткара алышат", - деп айтылат маалыматта. Функцияны пайдалануу үчүн колдонуучу чалуу баскычын басканда аудиочалуу жана видеочалуу опциялары сунушталат. Экөөнүн бирөөсүн тандап сүйлөшүүгө болот. Сүйлөшүү учурунда негизги жана алдынкы камераларга өтүп, үндү өчүрүүгө мүмкүн болот.
Жогоруда аталган жаңы кызматтын ишке кирүүсү үчүн WhatsApp`ты алгач көчүрүлгөн Play Market тиркемесинен жаңылоо (обновить) зарыл.