22-апрель - Эл аралык Жерди коргоо күнүнө карата бүгүн, 20-апрелде Бишкек шаарындагы Ботаникалык бакчада тазалык акциясы болуп өттү. Иш-чарага 50дөй ыктыярчылар жана Бишкектеги ЖОЖдордун студенттери катышып, сейил бакты таштандылардан арылтышты. “Бул акция бизге аябай эле чоң жардам болуп жатат. Анткени жумушчулар бизде жетишсиз, тазалоо иштерин жеткиликтүү деңгээлде жасай албайбыз”,- дейт Ботаникалык бакчанын агроному Бакиш Салиев. Маалыматка ылайык, аталган бакчанын жалпы аянты 18 гектарды түзүп, анда жоголуп бара жаткан бак-дарактардын 2500дөй түрү өстүрүлөт. Алгач сейрек кездешүүчү өсүмдүктөрдүн көчөттөрү лабораториялык шартта өстүрүлүп, эгер климаттык абал ылайык келсе, анда бакчага чыгарылат. Акцияны курамына 15 бейөкмөт уюмдун волонтёрлору кирген Кыргызстандын Климаттык түйүнү уюштурду.