Жогорку Кеңештин 16-ноябрдагы жыйынында Белиз мамлекетинен келген документтердин айланасындагы маселе каралууда. Анын жүрүшүндө депутат Садык Шер-Нияз эмне себептен президентке аталган документтерди тапшыруу шоуго айланып жатканын УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевден сурады.
"Бул документтер боюнча иликтөө жүрүп жатат. Эмнеге иликтөөдөгү кагаздар жалпы коомчулукка жарыяланууда? УКМКда купуялуулук болуш керек. Күнөөлөнүп жаткан адамдардын аттары капыстан камерага түшүп калышы мүмкүн эмес. Бул атайын жасалган иш. Буга күнөөлүүлөр бул жакка келип жооп беришсин", - деди Шер-Нияз. Ошондой эле депутат КТРКнын башчысы парламентке келип, аталган кагаздарды телеканалдан көрсөткөнү үчүн жооп беришин талап кылды.
Сегизбаев аталган документтерде кимдердин аттары жазылганын айтпаганын белгиледи.
Депутат Өмүрбек Бабанов да иликтөөдөгү документтерди телеканалдардан көрсөтпөө зарыл экенин айтты. "Кимдир бирөөлөрдүн фамилияларын айтуудан алыс бололу. Мындай нерселер УКМКга болгон ишеничке алып келбейт. Текебаев - чоң саясатчы, 2010-жылдагы Апрель революциясына салымы зор. Эгер анын күнөөсү болсо, жоопкерчиликке тартылышы керек, эгер күнөөсү жок болсо, жөндөн-жөн эле атын атай бербеш керек", - деди Бабанов.
Эскерте кетсек, президент Алмазбек Атамбаев 14-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алган. Сегизбаев "Мегаком" чуусун териштирүүгө байланыштуу президентке маалымат берген.
Белиз мамлекетинин расмий органдарынан траст документтери (апостиль) алынганын, ал документтер 2012-жылы апрелде "Альфа Телеком" ("Мегаком") компаниясынын ошол учурдагы акцияларынын улутташтырыла элек бөлүгүн сатуудан түшкөн 50 миллион доллардан ашык сумманы "Саутфилд" компаниясынын алышына мурдагы жогорку кызматтагы үч адамдын (азыр Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары) кызыкдар болгонун күбөлөй турганын айткан УКМК башчысы.