28-ноябрдан тарта унаалардын жаңы тамгалар сериясындагы өзгөчөлөнгөн комбинациясы менен мамлекеттик номерлери сатыкка чыгат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы бүгүн, 16-ноябрда билдирди.
"28-ноябрдан баштап сатыкка "ААВ", "ААС", "AAD" жаңы тамгалар сериясындагы өзгөчөлөнгөн комбинациясы менен мамлекеттик номерлер сатыкка чыгат. Мисалы, 001 ААВ, 777 ААС жана дагы башка 177 номер. Аукциондо сентябрь айында "ААА" сериясындагы номерлерден Чүй облусунда жана Бишкекте көп сатылган. Буга байланыштуу жаңы серияларды чыгарууга туура келди", - деп айтылат маалыматта.
Аукциондук номерлер сатыкка чыккандан бери 6 миллион 716 миң сомго 92 комбинация сатылып, анын 91 пайызы мамлекеттик казынага түшкөнү маалым болду.