Жогорку Кеңештеги жаңы сатылып алынган депутаттык креслолор сына баштады. Бүгүн, 16-ноябрда Ак үйдүн кызматкерлери депутат Гүлшат Асылбаеванын креслосун оңдоп келишти. Асылбаеванын жанында отурган депутат Абдыкапар Султанов SUPER.KG порталына айтып бергендей, кесиптешинин креслосунун отура турган бөлүгү иштебей жаткан экен. Ал эми учурда кресло калыбына келтирилгенин баса белгиледи Султанов.
Эскерте кетсек, 2016-жылы жайында Жогорку Кеңештин депутаттарына 120 жаңы кресло сатылып алынган. Бул креслолорду демөөрчүлөр сатып беришкени айтылган.