Жогорку Кеңештин 16-ноябрдагы жыйынында башкы прокурор Индира Жолдубаева УКМКдан келип түшкөн Белиз документтери боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын айтты.
Анын айтымында, аталган документтер боюнча ким күнөөлүү экенин айтуу али эрте. "Бул документтердин жасалма болгон-болбогону текшерүүдөн кийин гана белгилүү болот. УКМКдан Белиз документтеринин көчүрмөлөрүн алдык. Алардын негизинде текшерүү жүрүүдө. Кылмыш ишин козгоого азырынча негиз жок", - деди Жолдубаева.