Аксы районунун акими кызматынан убактылуу четтетилди

Баласына карата кылмыш иши козголгондугуна байланыштуу Жалал-Абад облусунун Аксы районунун акими Медетбек Айдаралиев кызматынан убактылуу бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кол койгон буйрукка ылайык, Аксы районунун акими уулуна козголгон кылмыш иши аягына чыкканча убактылуу милдетин аткаруудан четтетилди. Анын ордуна акимдин милдетин аткаруу акимдин биринчи орун басары Шайлообек Кубатбековго жүктөлдү. Эске сала кетсек, 13-апрелде аталган райондогу май куюучу жайдын күзөтчүсүнө уктатуучу дары берип, ал уктап калган соң кассаны тоноп, 800 миң сом алып кетишкен. Иликтөөлөрдүн негизинде кылмышка шектүүлөрдүн бири Аксы районунун акиминин уулу, экинчиси ошол эле май куюучу жайдын кызматкери экендиги белгилүү болгон.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан