"Бүгүн Жогорку Кеңеште чыныгы шоу болуп жатат", - деп бүгүн, 16-ноябрда депутат Иса Өмүркулов парламент жыйынында тартип бузулуп жатканына нааразычылыгын билдирди.
"Бүгүнкү жыйында температура жогорулап кетти. Сүйлөөгө жазылган депутаттар суроо берип сүйлөп, анан кайра сүйлөөгө жазылышууда. Регламент дегенди унуттук. Талкуунун жыйынтыгында токтом кабыл алабызбы же эмне кылып бүтүрөбүз? Ушуну жакшылап чечип алып, шоуну аяктасак", - деди Өмүркулов.
Айта кетсек, Жогорку Кеңештин 16-ноябрдагы жыйынында УКМК тарабынан президентке берилген Белиз документтери кызуу талкууланууда.