Кыз-келиндер арасында "Лондон-2012" Олимпиадасына катышып келген Айсулуу Тыныбекованын сот иши жылдырылды

Кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча “Лондон-2012” Олимпиадасына катышып келген балбан кыз, “Супер-Инфо” гезитинин версиясы боюнча “Супер спортчу-2012” наамына талапкерлердин бири Айсулуу Тыныбекованын сот иши кайрадан жылдырылды. Июль айынан бери улам түрдүү себептер менен айдан айга жылдырылып келген сот иши тууралуу Айсулуу: “Буга чейин ал ишти кароо түрдүү себептер менен жылдырылып келген. Кечээ жакында бул ишти башка судья колго алып, кайра баштан карай баштаган. Жыйынтыктоочу сот отуруму бүгүн болмок. Бирок соттон отурум 21-ноябрга жылып кеткенин билдиришти”,- дейт. Эске салсак, 18 жаштагы Айсулуу Тыныбекова жана дагы бир спортчу Разалия Тилегенова “17 жашар кызды сабады” деп айыпталып, жабырлануучунун апасы тарабынан алардын иши сотко жеткен.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан