КҮНСЕРЕП: Бийлик бүгүн Текебаевди жыкса, эртең Бабановду оңой эле жыгат

Бүгүн, 16-ноябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Өмүрбек Текебаевге ыргытылган сыйыртмак бийликтин өзүн муунтуп баратат. "Белиздин расмий органдарынан алынды" деп президент Алмазбек Атамбаев менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаев талкуулаган документтер жасалма экенин депутаттар Өмүрбек Текебаев менен Алмамбет Шыкмаматов парламент жыйынында айтып чыгышты. 14-ноябрда президент менен жолугушууда УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев Белиз мамлекетинин расмий органдарынан апостиль алынганын, ал документтер 2012-жылы жогорку кызматта турган 3 адам "Мегакомдун" акцияларын сатуудан түшкөн 50 миллион доллардан ашык акчаны оффшордук компанияга чыгарууга кызыкдар болгонун күбөлөндүрөрүн айткан эле. Ал адамдар кимдер экенин УКМК, президенттин маалымат кызматы атабаганы менен, массалык маалымат каражаттарына таратылган сүрөттөрдө фамилиялар даана көрүнүп турат. Андагы документтердин бирине 15753/2016 номуру коюлуп, аны E.O.Pennil аттуу адамдын бекиткенин да көрүүгө болот. Белиздин Жогорку Сотунун каттоочусу Эдмунд Оливер Пеннил документке кол койгон жергиликтүү адвокат Раян Вробелдин гана колун тастыктап өз мөөрүн басканын билдирди. Ал Кыргыз Республикасына жиберилген документтин мазмунунан кабары жок экенин бүгүн "Азаттыкка" айтты.

Мындан улам УКМК жарыялаган документтерди "жасалма" дегенге негиз жаралды. Текебаев дагы ушуну белгилеп, мунун артында президент Атамбаев турганын айтты. "Мынчалык төмөн деңгээлге түшүп эмне табышат, мен түшүнбөйм. "Матрёшка-гейт 2" болуп президенттин абийири ачылды, жалганы чыкты. Жасалма документтерди элге көрсөтүп жатышат. Эл аралык юристтер менен келишим түздүк, алар документтин жасалма экенин далилдеп беребиз дешти. Эгер далилдеп беришсе эмне болот, президент отставкага кетеби? Бүгүн Атамбаевге "туура эмес кылып жатасыз" деп айта турган командасында бир дагы адам калбай калды, бул жол аңга алып барат. Оппозиционерлерди куугунтуктоо, массалык түрдө жамандоо - ар бир саясий режимдин өмүрүнүн акырынын белгиси", - деди Текебаев.

"Матрёшка-гейт" окуясын эске салсак. Бакиевдин тушунда, 2006-жылдын күзүндө “Ата Мекен” партиясынын лидери жана депутат Өмүрбек Текебаев Польшанын аэропортунда кармалган. Анын жүгүнөн героин салынган матрёшка табылган. Парламентте түзүлгөн депутаттык комиссия депутат Текебаевге каршы уюштурулган провокацияга Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Бусурманкул Табалдиев жана анын биринчи орун басары Жаныш Бакиевдин тиешеси бар экенин айтып билдирүү жасаган. Оппозиция жана парламенттин өкүлдөрүнүн айыптоолорунан кийин Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Бусурманкул Табалдиев өз арызын жазып отставкага кетсе, Жаныш Бакиев президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен кызматтан алынган. Текебаевди сындыруу аракетинен майнап чыккан эмес. Бул ирет Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыккандан кийин бийлик тарабынан "ата мекенчилерге" башталган чабуул эмне менен аяктаары белгисиз. Ошол "матрёшка-гейт" окуясы өңдүү Белиз окуясы да бийликти өзү казган аңга түртөт сыяктанып турат.

Бүгүн Бабановдо оппозициялык дух байкалды. Күчтүү электоратка ээ Бабанов да Жогорку Кеңеште калыс сөзүн айтып Текебаевге колдоо көрсөткөнүнө эл күбө болду. Бакиевдин тушунда "матрёшка-гейт" окуясына күбө болгонун, бүгүн да "Ата Мекен" партиясынын лидерине оор айып тагылып жатканын белгилеп, депутаттарды чындык тарапта болууга чакырды. Учурдагы бийликти эртеңин ойлоп чочулаткан эң негизги эки адам - Өмүрбек Текебаев менен Өмүрбек Бабанов. Бийликтин мамлекеттик машинасы бүгүн Текебаевди жыкса, эртең Бабановду көздөй буруларын "республикачы" түшүнүп турат. "Экөө атамбаевдик командага каршы биригиши мүмкүн" деген кептер жөн жерден чыккан эмес. Быйыл жайында "өлкөнүн түштүк жана түндүк жергесинен болгон эки чоң саясатчы тандем түзүшүп, бири премьер, экинчиси президент болорун өз ара чечип алышкан" деген божомолдор айтылган эле. Бүгүнкү мындай "жан тартуу", балким, ошол болочок тандемдин пайдубалыдыр. Эгер чындап мындай тандем түзүлсө, азыркы бийликке баш оору болору турган иш. Президенттик шайлоого 1 жыл гана калды. Суроо-жооп учурунда УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаев депутат Жанар Акаевди маалымат булактарында айтылгандарга эле ишене бербей калыс болууга чакырды эле, Акаев "мен азыркы учурда көчөдө 200 адам менен көрүшсөм, анын 199у мени "калыс депутатсың" деп колумдан кысып ыраазычылык айтат" деген жооп узатты. Жанар Акаев бийликтин оппоненттерине жасаган мамилесин сындап келет. Мурунку жолкусунда ажодон эскертүү алса, мунусунда УКМК башчысынан "кеңеш" алды.

Жогорку Кеңеште Белизден алынды делген документтердин чоо-жайын иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүү сунушталды, бирок буга КСДПнын депутаттары каршы чыгышты. "Мегаком" жаңжалын териштирген депутаттык комиссия иштеп жатканын, анын жыйынтыгын күтүү керектигин айтып дагы бир комиссия түзүүдөн баш тартып коюшту. Жогорку Кеңештин жыйынына УКМК төрагасы Абдил Сегизбаев менен башкы прокурор Индира Жолдубаева чакыртылып, суроолорго жооп беришти. Сегизбаев Белизден алынган документтер жасалма эмес экенин, УКМК азырынча кимдир бирөөлөрдүн фамилиясын атай электигин айтты. Расмий кабарда аттар аталбаганы менен, президенттик аппарат тараткан сүрөттө фамилиялар бадырайып көрүнүп турат. Андыктан УКМК жарыялаган документтин ичи-тышы, кайсы депутаттар тууралуу кеп болуп жатканы бүт республикага белгилүү болду. Коомчулук бул окуяны бийликтин коррупциялык схемаларды казып чыгууга болгон умтулуусу эмес, Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыккандарды каралап, элге жаман көрсөтүү, тастыкталбаган кагаздарды факт катары жарыялоо менен оппоненттерине жасалма кылмыш иштерин илүү аракети катары кабыл алууда...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан