Нарын-Баетов унаа жолунун курулушу учурунда орун алган коррупциялык иштердин бети ачылды

УКМК тарабынан Нарын облусундагы Нарын-Баетов унаа жолунун курулушу учурунда коррупциялык иштер орун алып, мамлекетке ири суммада зыян келтирилгендиги белгилүү болду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 2009-жылы Транспорт жана коммуникация министрлиги менен “Кыргыз суу долбоор” ишканасынын ортосунда келишим түзүлүп, аталган унаа жолду курууда Нарын дарыясынын жээгин бекемдөө үчүн 14 айдын ичинде 38 миллион сомдук жумуштарды аткаруу макулдашылган. Тендер жарыяланып, андан утуп чыккан “Бата-Жол” курулуш ишканасы келишимде белгиленген жумушту аткарган эмес. Дарыя жээгин бекемдөө ишин 2012-жылы башка ишкана аягына чыгарган. Буга байланыштуу атайын эксперттик комиссия жалпы суммасы 5 миллион 248 миң 931 сомдук зыян келтирилгендигин аныктады. "Бул факт боюнча тийиштүү жетекчилерге кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө",- деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан