Эл аралык студенттердин күнү 1946-жылы 17-ноябрда Чехословакиянын борбору Прага шаарында өткөн Студенттердин дүйнөлүк конгрессинде майрам катары бекитилген. Эң алгачкы жолу 1939-жылдын 28-октябрында Чехословакияда студенттер менен жогорку окуу жайдын окутуучулары көчөгө чыгып демократияны, Чехославакиянын түптөлүшүн майрамдашмак болушкан. Бирок демонстрация баскынчылар тарабынан токтотулуп, андагы студенттер менен окутуучулар куулуп, жыйынтыгында медициналык факультеттин студенти Ян Оплеталга ок тийип, ал каза болгон. Яндын сөөгүн жерге беришкен соң, 15-ноябрь күнү жаштардын нааразычылыгы өсүп отуруп көтөрүлүшкө айланган. Ал эми 17-ноябрь күнү таң атпай гестапочулар менен эсэсчилер студенттердин жатаканасын курчоого алышып, 1200 студентти Заксенхаузендеги концлагерге камап, анын арасынан эң алдынкы 9 күнөөсүз студентти суроо-сопкуту жок эле өлүм жазасына тартышкан.
17-ноябрга карата жылнаама.