Кыргыз жеринде 1805 айыл болсо, анын 400гө жакынында таза суу маселеси таптакыр чечилген эмес. Бул тууралуу 16-ноябрда Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана суу берүүнү өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев билдирди.
Ал эми 267 айылдагы суу түтүктөрү 1950-1960-жылдары курулганы, жалпы алганда 657 айылда таза суу түтүктөрүн кайра жаңыдан куруу зарылдыгы айтылды.
Парламент депутаты Дастан Жумабеков 2017-жылдын республикалык бюджетинен таза суу көйгөйүн чечүүгө 1 миллиард сом бөлүп берүү сунушталып жатканын айтат. "Абалдан чыгууда айыл өкмөттөрүнүн бюджети колдонулсун деген пикирлер дагы бар. Дотацияда отурган айылдардын каражаты эч нерсеге жетпейт", - дейт депутат.