ЕАЭБдин Бажы кодексинин долбоору жактырылды

Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары 16-ноябрда Москва шаарында, ЕАЭБдин Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында уюмдун Бажы кодексинин долбоорун бекитти. Жыйында айтылгандай, Бажы кодекси бирдиктүү бажылык жөнгө салууларды түзүүгө өбөлгө болот, документте дүйнөлүк мыкты тажрыйба эске алынган. Өкмөт башчылары Бажы кодексинин аталган долбоорун бекитти жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын кароосуна жана кол коюусуна жөнөтүлдү. Кеңештин жыйынында дары-дармек тармагындагы кайрылуу боюнча документке да кол коюлду. Аталган документ ЕАЭБ алкагында бирдиктүү дары-дармек рыногун жөнгө салууну камсыздамакчы.

Белгилүү болгондой, Евразия экономикалык биримдигинин Өкмөттөр аралык кеңешинин кийинки жыйыны Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында Бишкек шаарында өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан