Биз социалдык тармакта

Өлкө аймагында унаа жолдору тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт

Өлкө аймагында унаа жолдору тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

"17-ноябрь күнү республиканын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаап, зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 18-23 метрге жетиши мүмкүн. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан