ЖЫЛНААМА, 17-НОЯБРЬ: Ара төрөлгөн балдардын бүткүл дүйнөлүк күнү

17-ноябрь - Ара төрөлгөн балдардын бүткүл дүйнөлүк күнү. Мындай чечим 2009-жылы Наристелерди коргоонун Европа фондунун (EFCNI) демилгеси менен кабыл алынган. Дүйнөдө жыл сайын төрөлгөн наристелердин 6-8 пайызы ара төрөлөт.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунушу менен 2004-жылы Кыргыз өлкөсүндө 500 граммдан жогорку салмакта төрөлгөн ымыркайлар каттоого алынат. Кыргыз Республикасында жыл сайын 8 миңге жакын бала маалына жетпей төрөлөт. Алардын 7,9 пайызын 500 граммдан 999,9 грамм салмакка чейин төрөлгөн балдар түзсө, 10,9 пайызын 1000 граммдан 1499,9 граммга чейинкилер түзөт. Ошондой эле 500 граммдан 1499,9 грамм салмакка чейин төрөлгөндөрдүн 49,2 пайызы жашоосун андан ары улантат.

Жетишсиз жана туура эмес тамактанган, тамеки тарткан, ошондой эле өзү дагы убагына жетпей төрөлгөн эненин баласы ара төрөлүшү мүмкүн. Мындан тышкары оор жумуштар, стресс жана инфекциялык оорулар дагы ымыркайдын убагына жетпей төрөлүүсүнө алып келет.

17-ноябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан