Жаңы өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүү аземинен фоторепортаж

Бүгүн, 17-ноябрда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баштаган өкмөт мүчөлөрү Жогорку Кеңеште ант беришти. Алардын берген антын президент Алмазбек Атамбаев кабыл алды.

"Мен, (аты-жөнү), (кызматтын аталышы) кызматына киришип жатып өз элимдин, президенттин жана Жогорку Кеңештин алдында Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана анын мыйзамдарын ыйык сактоого, Кыргыз Республикасынын элине ак ниеттүүлүк менен кызмат кылууга, жогорку ишеним менен мага жүктөлгөн милдеттерди чын ниетимден жана талыкпай аткарууга ант беремин. Берген антымды бузган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартам", - деп айтылат анттын текстинде.

Өкмөттүн курамы:

– премьер-министр – Сооронбай Жээнбеков

– биринчи вице-премьер-министр – Мухаммедкалый Абылгазиев

– экономикалык маселелер боюнча вице-премьер-министр – Олег Панкратов

– чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр – Жеңиш Разаков

– социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр – Чолпон Султанбекова

– билим берүү жана илим министри – Гүлмира Кудайбердиева

– эмгек жана социалдык өнүгүү министри – Таалайкүл Исакунова

– өкмөттүн аппаратынын башчысы – министр – Акылбек Осмоналиев

– тышкы иштер министри – Эрлан Абдылдаев

– маданият, маалымат жана туризм министри – Түгөлбай Казаков

– транспорт жана жол министри – Жамшитбек Калилов

– ички иштер министри – Улан Исраилов

– юстиция министри – Уран Ахметов

– каржы министри – Адылбек Касымалиев

– экономика министри – Арзыбек Кожошев

– өзгөчө кырдаалдар министри – Кубатбек Боронов

– саламаттык сактоо министри – Талантбек Батыралиев

– айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министри – Нурбек Мурашев

– Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы - Абдил Сегизбаев

– Өнөр жай, энергетика жана жер казнасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы – Дүйшөнбек Зилалиев

– Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы – Бакыт Шаршембиев

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Arslan12
2016-11-17 12:00:34
Ант берип туруп эле баштайт чонтокко иштегенди, ант жаман уруп кетет, корккула министрлер!
+5
KurcAinura
2016-11-17 12:06:53
"Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана анын мыйзамын ыйык сактоого " деп ант беришеби экен.
-1
Kroxa
2016-11-17 12:47:00
Соз жок да буларга...
+1
avtogrand
2016-11-17 12:58:39
Ошондо конституциянын оригиналы табылдыбы же копиясын кармап ант берип жатабы?
+4
Mongol1155
2016-11-17 13:08:07
Ушул процедураны жон эле коюшса.Баары бир эч ким, эч нерсеге жооп бербейт.Иштегенсип отура беришет,жон эле.Орунду бошот десе болду,портфелин алып чыгып кете берет.Кээде ойлоп коем,буларсыз деле оокат ото бермек окшойт.
+3
Azahan
2016-11-17 13:21:47
Буларын жонуп жонуп жолду жейт,Жонундан сыйрып тонду жейт, Кырып кырып кырды жейт, сыйрып сыйрып сырды жейт, Кийинкиси кылганын уяалбай туруп анада мурункусун кылды дейт. Элмирбек Иманалиев
+4
nura.177
2016-11-17 17:55:36
Анты да эмне деп бергендерин да билишпесе керек. Бирин кетип бирин келип жей бересинерби бул бизде деги канчанчы окмот алмашып жатат уят позор иштебей эле келип кете бергиле. Бай ата орундарын алмаштырып отура бересинби жакында онолобуз деп. Булардын эмне иш кылганын сурап отчет алчулар барбы ,бирин тойгозуп кетирип кийинкисин алыпкелип ,бизге эмне кереги бар ушунчасынын жепжутарлар мн кошо кетип калсанарчы
+3
NooKeN_KG
2016-11-18 00:53:49
Тамак-аш министри сээмизго.
+1
Azizbek.kg8
2016-11-18 03:20:11
Эркекче Ант берген .....бергенге барабар урматуу министирлер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан