Мамлекеттик сатып алуулар департаменти сатып алуулар боюнча 28 070 сынак өткөргөн. Мындай маалыматты Каржы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин башчысы Улан Даникеев бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди.
"Сатып алууларга мамлекеттик бюджеттин эсебинен бүгүнкү күнгө чейин 30 миллиард 985 миллион 501,9 миң сом жумшалды. Мамлекеттин казынасынан 2 миллиард сом үнөмдөй алдык", - деп билдирди Даникеев.
Мындан сырткары Даникеев малга бирка сатып алуу боюнча тендерге токтолду: "Малга бирка сатып алуулар боюнча тендер 3-жолу өтүүдө, анткени тендердин өтүү талаптары толук кандуу аткарылбай жатат. Мамлекетте кандай тендер өтсө да, арыздануу түшөт".
Бюджеттик уюмдар мамлекеттик сатып алууларга 9 ай ичинде 14,2 миллиард сом коротушкан. 2016-жылдын 9 айында 55 630 сынак жарыяланса, 27 630у өтпөй же жокко чыгарылганы маалым болду.