Баткен шаарында акча алганга кетип, 7 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 85 жаштагы пенсионерди издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда SUPER.KG порталына Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
"Учурда дайынсыз болуп жаткан 85 жаштагы Суксур Бурканованы издөө улантылууда. Издөө иштерине облустук милициянын кызматкерлери, ӨКМнын кызматкерлери жана изделип жаткан апанын туугандары да тартылган. Бул апаны акыркы жолу көргөндөр ал тоо тарапка кетип бараткан деп көрсөтмө беришкен, ал маалымат да текшерилип жатат. Азырынча издөө натыйжа бере элек", - деп билдиришти аталган башкармалыктан.
Айта кетсек, 1931-жылы туулган С.Бурканова 10-ноябрь күнү "пенсия алам" деп Токтогул көчөсүндө жайгашкан үйүнөн саат 10:00 чамасында чыгып кеткен боюнча үйүнө кайрылып келген эмес.