Жогорку Кеңештин 17-ноябрдагы жыйынында "Өкмөттүк күн" өтүп жатат. Анын жүрүшүндө өкмөт мүчөлөрү өлкөнүн экономикасынын тармактарын жана калкын 2016-2017-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жана энергетика тармагындагы абал тууралуу маалымат беришүүдө.
Каржы министри Адылбек Касымалиев баяндамасын айтып берип жатканда, депутат Аскарбек Шадиев ("Бир бол") аны сөзүн тезирээк бүтүрүүнү суранды. "Бул маселелерди биз комитетте карап талкуулаганбыз. Баяндамаңызды кыскартсаңыз, залдагылар сизди укпай жатышат", - деп кайрылды министрге депутат.
Жыйынтыгында Касымалиев баяндамасын токтотуп, депутаттар суроо-жооп бөлүгүнө өтүштү.