16-ноябрдан 17-ноябрга караган түнү Бишкекте адам өлтүрүү фактысы катталды. Бул кылмышка шектүү катары 1997-жылы туулган Жалал-Абад облусунун Бакыт Тургунбаев аттуу тургуну кармалды. Анын айтымында, “Ош базарынан” Дордой жаңы конушуна 200 сомго такси жалдап барган. Белгиленген жерге жеткенде дос баласынан акча чыкпай калып, анан айдоочу менен уруша кеткен.
“Адам өлтүрөйүн деген жаман оюм жок болчу. Жакшы эле ниетте айдатып баргам. Дос балам акча таап берем деген болчу, бирок андан акча чыкпай калды. Ошондо таксист дос балдарына телефон чала баштады. Анан экөөбүз мушташа кеттик. Бир маалда колума отвёртка илинип, ошо менен таксистти моюн тарапка сайып жибергем. Кийин муунта баштаганымда ал “акчаң жок болсо ачык эле айтпайт белең” деди. Эс-учун жоготуп койгонунан “Дордой” базары жактагы мүрзөгө таштап кетип калгам”, - дейт кылмышка шектүү Бакыт Тургунбаев.
Учурда “адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Свердлов РИИБинин тергөөчүсү Гүлдана Жардабарова буларга токтолду: “17-ноябрга караган түнү Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө адамдын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам топ барып, маркумдун 1992-жылы туулган Жалал-Абад облусунун тургуну А.Н. экенин аныктаган”.
Кылмышка шектүү 1997-жылы туулган Бакыт Тургунбаев ошол эле түнү Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалды.
“Гагарин көчөсүндө баратканыбызда Хонда Фит унаасы оң жагыбыздан ашып өтүп кетти. Ошол учурда алдынкы оң капталындагы сүзүлгөн жерди байкап калдык. Аны токтотууга аракет жасадык, бирок ал бизге баш ийбей 300 метрдей барып токтоду. Айдоочудан унаанын документтерин, күбөлүгүн сурадык. Ал тиешелүү документтердин бирин да көрсөтө алган жок. Анын кийимдери жана унаанын ичи кан экенин байкап, эмне болгонун сурасак, “балдар менен мушташа кеттим” деп жооп берди. "Жүрү ошол жерге баралы" деп Кулиев менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишине барганыбызда, “байкелер, эми чынын айтайын” деп акча жоктугунан таксистти отвёртка менен сайып, аны "Дордой" базары жактагы мүрзөгө таштап салганын билдирди”, - дейт Патрулдук милиция башкармалыгынын инспектору Шайлоо Абдиев.