Чет элдиктерди каттоо үчүн өлкө боюнча 57 пункт иштеп жатат

Кыргыз Республикасына келген чет элдиктерди каттоо боюнча өлкөдө 57 пункт ачылган. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Камчыбек Акишев маалымат жыйынында билдирди.

"Чет элдик жарандар өлкөдө жүргөнүнө 5 жумушчу күндөн ашкандан кийин милдеттүү түрдө каттоого туруусу зарыл. Өкмөттүн токтомуна ылайык, Мамлекеттик каттоо кызматы жарандардын жана чет элдиктердин каттоосун иретке келтирүү иштерин жүргүзүүдө. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 57 каттоо кызматы иштеп жатат", - деп билдирди Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Камчыбек Акишев.

Кыргыз жарандары үчүн ID-картага кошумча дагы бир карточка жасалары белгилүү болду.

"Кыргыз жарандары үчүн бүгүнкү күндө мамлекеттик чек арадан жалпы жарандык жана ID-карта менен өтүү жолдору бар. Буга чейин ID-картага кирип-чыккандыгы тууралуу штамп коюу мүмкүн эмес болчу. Мындан улам азыркы убакта карточка даярдап жатабыз. Жакынкы аралыкта маселе чечилет", - деп билдирди юстиция министринин орун басары Махамаджан Иминов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Luchik81
2016-11-17 16:15:20
написти тыюу деген болобу деги буларда? чет элдиктерден алганы 120 сом, аларды каттоо үчүн уюштурулган кеңселерге канча акча жумшалат? деги туура эмес иш кылгандарга тыюу болобу?
0
Mongol1155
2016-11-17 16:15:55
Дагы эле баягы бюрократия! Чек арадан киргенде эле катталган да.Эми дагы жаны карточка! Ужааааас...
0
talant87
2016-11-17 17:28:28
дакмент дакмен андан коро тартипти парядыкты мамилени уйронсонор ошол чек арада аэропорто иштегендер
0
elchi84
2016-11-17 17:49:36
Кытайлар кобойуп жатат аларды Ким каттап жатат айдоочулук куболукту Ким уруксат берди кытайларга?
+1
tapkych85
2016-11-17 19:32:06
elchi84, созуно кошулам же оруча же кыргызча
Билбеген кытайлар права алып машине
Минип журушот кандай алышкаааан деген суроо
0
Malik92
2016-11-18 03:07:28
tapkych85,Чоңдордун ХХХ акча берип койсо жокту бар кылат.
0
admin_portal
2016-11-18 10:08:42
Malik92, порталдын эрежелерин сактаңыздар!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан