Кыргыз Республикасында эң аз айлык 5200 сом. Мындай маалыматты бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында "Өкмөттүк күндүн" жүрүшүндө каржы министри Адылбек Касымалиев депутат Максат Сабировдун суроосуна жооп катары берди.
Сабировдун айтымында, өлкөдө айына 2-3 миң сом тапкан жарандар бар. "Бир адам мынча акчага жашай алабы? Баланы мектепке, бала бакчага берүү үчүн акча керек. Мамлекеттик мекемеден маалым кат алыш үчүн да акча сурашат. МАИ инспектору токтотсо да айдоочудан 500 сомдон кем эмес акча алмайынча коё бербейт. Элдин чөнтөгүнөн акча сыккандын ордуна бюджетке акча түшүргөнгө үйрөнсөк", - деп кайрылды өкмөткө депутат.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков акыркы 5 жыл ичинде айлыктар көтөрүлгөнүн айтты. "2010-жылы айлыктардын көлөмү 2,5 миң сом болчу. Милиционерлер айына 500 сом алышчу. Эми азыр эмгек акылар өстү. Баарын тең кылганга аракет кылып жатабыз", - деди өкмөт башчы.