2013-жылы 17-ноябрда саат 19:23 чамасында Boeing 737-500 үлгүсүндөгү жүргүнчүлөрдү ташыган учак Москва шаарындагы "Домодедово" аэропортунан Татарстандын борбору Казань шаарына бара жатып аэропортко конор алдында кулап түшүп, күйүп кеткен. Жыйынтыгында учактын ичиндегилердин баары - 50 адам (44 жүргүнчү жана экипаждын 6 мүчөсү) курман болгон. Алардын арасында Татарстандын президентинин уулу Ирек Минниханов жана аталган өлкөнүн Федералдык коопсуздук кызматынын башкармалыгынын башчысы Александр Антонов болгон. Кырсык учакты колдонуудагы эреже бузуулардан улам келип чыккандыгы аныкталган.
17-ноябрга карата жылнаама.