Төө-Ашууда кардын калыңдыгы 60 сантиметрди түзүүдө

17-ноябрда саат 13:00гө карата Төө-Ашууда кардын калыңдыгы 60 сантиметрди түздү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунун түндүк тарабында кардын калыңдыгы 20-35 сантиметр, түштүк тарабында 40-60 сантиметр. Жолдун айрым жерлери тайгак болуп, муз тоңгон.

Ал эми кардын калыңдыгы Өтмөк ашуусунда 25-50 сантиметр, Ала-Бел ашуусунда 35-50 сантиметр, Чапчыма ашуусунда 15-25 сантиметр, Долон ашуусунда 5-15 сантиметр, Кара-Көө ашуусунда 10-25 сантиметр, Чоң-Ашуу ашуусунда 20-40 сантиметр болууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
ainura220888
2016-11-17 17:18:53
Эжем кочкор атадан Бишкеке жолго чыкты эле бугун. Аман эсен жетип алса экен. Телефону жолдо тартбай связь жок тосуп алчу эжем кыжалат болуп отурат уйундо.
+5
talant87
2016-11-17 17:19:07
сууну сатса кудайым каарды кооп берип жатат кыргыз элиме
+3
Medina87
2016-11-17 18:15:21
Тоо-Ашуу десе туулган жерим эске тушот. Сагындым...!!
+2
souza.j
2016-11-17 18:16:52
Жолоочуларды кудай сактасын.Барар жерине аман эсен жетип алышсын.
+7
dobrajelatel
2016-11-18 02:53:34
Ушул жолдон отуу баарыбызга насип этсин. Кудайым буйруса, убакыт отпой толкунданып, жол узарып, уйго жонойбуз го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан