Бишкекте "кафеде отурган аялга күч колдонуп, уюлдук телефонун тартып алган" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 32 жаштагы С.Б. аттуу шаар тургуну кайрылган. Анда ал 15-ноябрь күнү саат 21:00 чамасында белгисиз жаран борбордогу кафелердин биринен ага карата күч колдонуп, уюлдук телефонун тартып алганын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун 32 жаштагы Э.А. аттуу тургуну кармалган. Учурда ал камакка алынып, иликтөө иштери жүрүүдө.