Бүгүн, 17-ноябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Ташиев-Бабанов тандеминин өмүрү 2 жылга гана жетти. "Республика" жана "Ата Журт" партиялары бөлүнүп, саясат талаасында өз алдынча кетишти. Партиянын тең төрагалары Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бабанов жолугуп сүйлөшүп, экиге бөлүнүү чечимин кабыл алышканын, бул чечимге 2015-жылы өткөн парламенттик шайлоодон кийин Өмүрбек Бабановдун бир катар келишим шарттарын аткарбагандыгы себеп болгону белгилүү болду. 2016-жылдын 11-декабрында өтүүчү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого "Республика-Ата Журт" катталып калгандыктан, Бабановдун командасы ушул партия менен шайлоого барса, "Ата Журт" партиясы айрым аймактарда өзүнчө чыгат.
2014-жылы Бабанов менен Ташиевдин партияларынын биригүүсү элге күтүүсүз окуя болгон. Бул тандемдин өмүрү кыска болорун, 2015-жылкы парламенттик шайлоодон кийин экөө кайра ажырашарын ошондо эле айрым саясат талдоочулар айтышкан. Бабанов менен Ташиев бул божомолдорду кескин четке кагып, эки кочкордун башы бир казанда кайнай турганын иш жүзүндө көрсөтөрүн айтышкан эле. Бабанов биригүү чечимине келүү оңой болбогонун, көптөгөн партиялардын жетекчилери менен жолугуп сүйлөшүп, акырында "Ата Журт" менен биригүүнү жүрөгү менен чечкенин айтса, Ташиев биригүүдө Өмүрбек Бабановго ишенгенин, анын мамлекетти оңдоо пландары ынандыра алганын билдирген. Бүгүн башка кырдаал, тең төрагалардын бири өзүнүн командасы менен Жогорку Кеңештин ичинде, экинчиси борттон сыртта калган. 2015-жылкы парламенттик шайлоого аз калганда Ташиев башка партиянын өкүлү менен мушташканы себеп болуп, тизмеден чыгарылган. Эл арасында бул мушташ Ташиевди парламентке өткөрбөө үчүн атайын уюштурулганы айтылып жүрөт. Шайлоодон кийин айрым "ата журтчу" талапкерлерди "Республика-Ата Журттун" тизмесинен тазалоо аракети жасалды. Алардын бири, 5-чакырылышта "Ата Журт" партиясынын депутаты, 2015-жылкы жарышта "Республика-Ата Журт" партиясынын тизмеси боюнча парламентке келген депутат Жыргалбек Саматов менен соттошуп жүрүп акыры Бабанов көздөгөнүнө жетти. БШК аркылуу Саматовду мандаттан ажыратты. Ушундай окуялар "Ташиев менен биригүүдө Бабанов парламентке өтүүнү гана көздөгөн" деген сөздөрдү күчөтөт, анткени өлкөнүн түштүк аймагында Ташиевдин колдоочулары көп. Ташиев бүгүн Бабановдун келишим шарттарын аткарбай койгонун айтып жатат. Демек, Ташиев дагы бир жолу "достон" күйдү же тыныгуудан кийин президенттик жарышка даярдыкты баштады. Ташиевдин мурунку президенттик шайлоодо да достон жабыркаганы бар. 2010-жылы "Ата Журттун" тизмеси менен чогуу парламентке келгенден кийин досу Ахматбек Келдибеков спикерликке шайланып, 2011-жылы президенттик шайлоодо колдобой койгонун, Келдибековдун салкын мамилесинен улам ийгилик жарата албай калганын Ташиев 2012-жылы айткан эле. Маалымат талаасында 2017-жылкы президенттик шайлоого карата Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков биригип, "Ата Журт" партиясынын алдында жарышка түшөрү айтылып жатат. "Ата Журт" деген брендди Бабановдон өзүнчө бөлүп алуу чечими да ушуга байланыштуу болушу мүмкүн.
Парламент жыйынында Сооронбай Жээнбеков жетектеген өкмөттүн жаңы курамы ант берди. Арасында кагаздагы 5-6 сүйлөмдү окуп бүткүчө сүрдөп, анттын тексттин бурмалап айткандары болду. Талап боюнча анттын тексти кандай болсо, ошондой окулушу шарт. Бир ирет экс-министр Алиясбек Алымкулов парламент трибунасынан ант берип баштаганда "быссымылда" деген сөздү кошуп айтканы үчүн спикерден эскертүү алганы бар. Бүгүнкү аземден кийин депутат Дастан Бекешев анттын текстин өзгөртүү керектигин, текстке күч, дух берүүчү сөздөр жетишпей жатканын айтып чыкты. Чынында, чиновниктердин кызматка киришүүдө ант берүүсү олуттуу иш-чара саналбаганы менен, анттын өзүнүн маани-маңызы бар. Бүгүн чиновниктер пара менен кармалып калуудан кандай коркушса, илгери кыргыз эр-азаматтары берген антын бузуудан ошондой эле коркушкан. Антта жеңил-желпи эмес, адамдын коркуу сезимин сайгылап турган күчтүү сөздөр болгон. Мисалы, "Манаста" "Төбөсү бийик көк урсун, төшү түктүү жер урсун, ак бараңдын огу урсун!" деп айтылат. Бүгүн башка заман, чиновниктерди "жер уруп кетет" деп коркутуу мүмкүн эмес, андыктан анттын баркы жоголуп баратканы чындык. Бүгүнкү ант "берген антымды бузган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга даярмын" деп аяктайт. Министрлер антты бекем карманып жатышабы, жокпу деп ким байкоо салып турганын да эч ким билбейт. Убагында "ак ниетим менен иштейм" деп Конституцияга алаканын коюп ант бергендердин айрымдары бүгүн коррупция жана башка оор кылмыштар боюнча айыпталышууда. Анттын текстине күчтүү, окуган кишинин денесин титирете турган сөздөр кошулса, балким, чиновниктердин жоопкерчилик сезүүсү жакшырабы деген үмүт. Ант баарын чечет дегендик эмес. Эгер чиновниктердин баары антта жазылгандай иштесе, Кыргыз Республикасы эчак гүлдөп кетиши керек эле...