Текебаев менен Ибраимовдун соту 30-ноябрга жылдырылды

Бүгүн, 17-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Албек Ибраимовдун депутат Өмүрбек Текебаевге каршы доо арызы боюнча соттук отурум өтүп, 30-ноябрга жылдыруу чечими чыгарылды. Муну судья материалдар менен таанышууга убакыттын зарылчылыгы менен түшүндүрдү. Текебаевдин адвокаттары бүгүнкү отурумда соттук иштерди мамлекеттик тилде гана өткөрүүнү жана журналисттерге видео тартууга уруксат берүүнү өтүнүшкөн эле.

Белгилей кетсек, президент Алмазбек Атамбаевдин Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылына салдырып жаткан хан сарайы тууралуу Өмүрбек Текебаев бир катар маалыматтарды тараткан. Анда президенттин үйү жайгашкан жерди алып-сатуу иштеринин башкы фигуранты катары Албек Ибраимовду айыптаган. Албек Ибраимов "депутат Өмүрбек Текебаев жалган маалыматтарды таратты" деп аны сотко берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан