Бишкекте жылуулук түтүктөрү өтүүчү люктан эркек кишинин жансыз денеси табылды

Бишкекте жылуулук түтүктөрү өтүүчү люктан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Биринчи Май районунда Лев Толстой-Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишиндеги жылуулук өтүүчү люктан эркек адамдын жансыз денеси табылган. Аталган дарекке келген куткаруучулар маркумдун сөөгүн чыгарышып, медицина кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Айта кетсек, көбүнчө кыш мезгилинде жылуулук өтүүчү түтүктөр жайгашкан люктарда үй-жайы жок адамдар баш калкалашат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
SulaymanUulkan
2016-11-18 09:44:57
адамдар жырткычтанда айырмабыз жок болуп баратабыз бири бирибизди олтуруп.Аллах баарыбызга бекем ыйман берсин
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан