Бишкектеги Дэн Сяопин көчөсүндө аялды сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 16-ноябрь күнү саат 06:57 чамасында Дэн Сяопин көчөсүндө болгон. Анда белгисиз айдоочу унаасы менен 1971-жылы туулган К.Л. аттуу аялды сүзүп, качып кеткен. Жабырлануучу алган жараатынан улам ошол жерден каза болгон.
“Унаа Хонда Стрим үлгүсүндө экени аныкталып, айдоочу изделип жаткан. Кечээ жол кырсыгына себепкер болгон айдоочу кармалды. Ал 1991-жылы туулган Н.А. экени аныкталды. Аны туугандары өздөрү милицияга алып келишкен. Ал катуу коркконунан качып кеткенин айткан. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат”, - деп билдиришти Патрулдук милиция башкармалыгынан.