Депутат зыяндуу затты жыттаган мектеп окуучулары тууралуу айтты

Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынын 18-ноябрдагы отурумунда билим берүү тармагы талкууланууда.

Анын жүрүшүндө депутат Данияр Төлөнов наркологиялык клиникаларда жаткан мектеп окуучулары тууралуу маселени көтөрдү. "Кечээ шайлоочулар ушул маселе менен кайрылышты. Алардын айтымында, 12 жаштагы балдар кыймылдаткычты жууганда колдонулуучу суюктукту жытташат экен. Ата-энелер намыстанып, мектеп жетекчилигине билгизбеш үчүн балдарын жеке наркологиялык клиникаларга алып барышууда. Учурда 8 бала ушундай затка ууланып клиникада жатат. Эгер адам мындай суюктукту 2-3 жолу жыттаса, ага көз каранды болуп калат. Мектептердин директорлору муну билишпейт", - деди Төлөнов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан