Оор атлет Улан Молдодосовдун 9 жаштагы уулу Арсен залга барып, машыгууну баштады (фото)

Оор атлет, "Афины-2004" жана "Бээжин-2008" Олимпиадаларынын катышуучусу Улан Молдодосов 9 жаштагы уулу Арсенди машыгуу залына алып бара баштады. Учурда жаш спортчу оордук көтөрбөгөнү менен, ыкмаларды үйрөнүп жатат.

SUPER.KG порталына У.Молдодосов билдиргендей, бул курактагы балдарга оор көтөргөнгө тыюу салынат. "Баланын эти ооруп калса, спортту таштай качат. Ошол себептүү бул куракта ыкма үйрөтүп, спортчулардын кандай шартта машыгып жатканы менен тааныштыруу жетиштүү. Уулумдун келечеги тууралуу азырынча чечим чыгара элекмин. Аны футболго берсекпи деген да ой бар", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
dina1983-19
2016-11-18 14:26:47
Медресеге бергиле динди таанып билсин.
-2
Zynk.kg
2016-11-18 16:08:44
Эн жакшысы футболго бергиле
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан