SUPER.KG порталы 10 жылдык мааракесине карата уюштурган видеосынак аяктоо алдында турат. Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 16-августунда SUPER.KG порталы 10 жылдыгына арналган видеосынак жарыялаган. Сынакка видеолорду кабыл алуу 16-ноябрда токтотулган. 3 ай бою жөнөтүлгөн видеолордун арасынан 42си коюлган талаптарга жооп бергендиктен, "Медиа-порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө "SUPER.KG 10 жашта" аттуу рубрика менен жайгаштырылган. Алардын ичинен 10 видео 18-ноябрда порталга добуш берүүгө коюлуп, бүгүн, 28-ноябрда саат 17:00дө сурамжылоо токтотулуп, жеңүүчүлөр аныкталат.
Эң көп добуш алган алдынкы 3 видео жеңишке ээ болуп, ээлерине байгелер ыйгарылат. Белектер үстүбүздөгү жылдын 9-декабрында SUPER.KG порталынын 10 жылдыгына карата уюштурулган концерттик программада сахнадан тапшырылат.
Талапкерлер:
Байге фонду:
1-орунга ноутбук
2-орунга планшет
3-орунга уюлдук телефон
Сынактын жеңүүчүлөрүн аныктоо үчүн аз гана убакыт калды. Видеолорду толугу менен көрүп, мыкты деп эсептеген видеого өз добушуңузду бериңиз!