Жыл сайын ноябрь айынын үчүнчү жекшембисинде бүткүл дүйнөдө Жол кырсыгында курман болгондорду эскерүү күнү белгиленет. Бул күнгө карата бүгүн, 18-ноябрда борбор калаадагы "Жеңиш" аянтында жол кырсыгында курман болгондор эскерилди. Иш-чарага жогорку окуу жайдын студенттери, Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери, милиция кызматкерлери, медиа өкүлдөрү катышышты.
Иш-чаранын максаты, өлкөдөгү жол кырсыктарынын келип чыгуу себептери тууралуу "Жол коопсуздугу" коомдук уюмунун башчысы Чынара Касмамбетова буларга токтолду: "Иш-чаранын максаты - жол кырсыгынан келип чыккан көйгөйлөргө коомчулуктун көңүлүн буруу, анткени биздин өлкөдө жол кырсыгынан каза болгондордун саны өтө көп. Бир жылда миңден ашуун адам каза болуп, 10 миңден ашууну жаракат алат. Бул күн сайын үчтөн ашык адам көз жумууда дегенди билдирет. Өкмөт үчүн, адамдар үчүн бул чоң жоготуу. Канча адам жаракат алып, каржылык, моралдык жактан зыян тартып жатат. Андыктан бул нерсеге бийлик, адамдар тарабынан көп көңүл бурулушу зарыл".
Ошондой эле жол кырсыктары айдоочулардын, жөө жүрүүчүлөрдүн маданияты төмөндүгүнөн жана тартиптин жоктугунан жаралып жатканын кошумчалады.
"Текшерүүлөр жол кырсыгынын катталышына 80 пайыз айдоочулар күнөөлүү болуп чыгарын көрсөттү. Алар жол эрежесин одоно жана массалык түрдө бузуп жатышат. Экинчиден, жөө жүрүүчүлөр, себеби алар каалаган жерден өтүп жатышат. Бизде жол эрежесин бузган жөө жүрүүчүлөрдү жоопкерчиликке тартуу механизми, айып төлөө, алар менен иштешүү деген нерсе жок", - деди
Ч.Касмамбетова.