1987-жылы 18-ноябрда Лондон метрополитенинин Кингс-Кросс станциясында саат 19:30 чамасында өрт чыгып, 30 кишинин өмүрүн алып кеткен. Өрткө жүргүнчүлөрдүн шалаакылыгы жана эскалатордун канааттандырарлык эмес абалы себеп болгон. Өрт Пикадилли линиясындагы эскалатордук тоннелде чыккан. Эскалатор эски стандарттар менен курулган жана баскычтары жыгачтан жасалгандыгы үчүн тез күйүп кеткен.
Окуядан кийин Лондон метрополитенинин жана "Лондон аймактык транспорту" уюмунун башкармалыгы жумуштан кетишкен. Каза болгондордун арасында Колин Таунсли аттуу Өрт өчүрүү кызматынын жумушчусу дагы болгон.
18-ноябрга карата жылнаама.