21-мартта борбор шаардагы Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча Кыргызстандын Суперкубогу үчүн болгон оюндун алгачкысы орун алды. Анда 2012-жылы футбол боюнча Кыргызстандын чемпиондугун уткан Бишкектин
“Дордой” менен Эгемендүүлүк кубогунун жеңүүчүсү “Алга” командасы беттешип,
"дордойчулар" 3:0 эсебинде жеңишти багындырышты. Таймаштын биринчи бөлүгүндө Мирлан Мурзаев менен Сергей Калеутин атаандаш тараптын дарбазасына бирден топ
киргизсе, экинчи бөлүктө, тактап айтканда, оюндун 78-мүнөтүндө кайрадан Мирлан Мурзаев бир топ киргизүүгө үлгүрдү. Супер кубок үчүн жооптук оюн 27-апрелде ушул эле стадиондо болот. Башталышы - 16:00.