"Ош" Эл аралык аэропортунда Ош-Бишкек каттамы боюнча учактын учуусу аба ырайына байланыштуу кечиктирилди. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда SUPER.KG порталына "Эйр Манас" компаниясынын өкүлү Медер Түркмөнов билдирди.
"Учактардын учуусунун кечиктирилиши аба ырайынын катаал шартынан улам болду. Мында Ош-Бишкек каттамындагы эки каттам гана убактылуу 2-3 саатка токтотулган. Азыркы учурда аба ырайы жакшырып, учууга шарт жаралды. Бир канча мүнөттөрдөн кийин жүргүнчүлөр учуп кетишет. Аба ырайынын катаалдыгы Ош-Бишкек багыты боюнча гана байкалган. Ал эми чет өлкөлөргө учуу боюнча эч кандай көйгөй жаралган жок", - деп билдирди Түркмөнов.
Эске салсак, Ош-Бишкек аба каттамындагы учак бүгүн, 18-ноябрда эртең мененки саат 08:00, 09:00 убакыттарында Бишкек шаарына багыт алмак.