Экс-министр Турдуназир Бекбоев өкмөт башчынын кеңешчиси болуп дайындалды

Турдуназир Бекбоев премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка өкмөт жетекчиси бүгүн, 18-ноябрда кол койгону кабарланды. Бекбоев буга чейин айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министри болуп иштеген.

Турдуназир Бекбоев 1961-жылдын 14-апрелинде Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Урумбаш айылында туулган. Жогорку билимдүү. Көп жыл мамлекеттик кызматтарда иштеген. 2009-2010-жылдары Жалал-Абад облусунун башчысынын орун басары, 2015-жылдын ноябрынан 2016-жылдын октябрына чейин айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министри кызматын аркалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан