Өлкөдө бодо малды паспорттоштуруу иши башталды

Кыргыз жеринде малды паспорттоштуруу иши башталды. Бүгүн, 18-ноябрда Чүй облусунун Ысык-Ата районунан старт алган иш-чарага катышкан биринчи вице-премьер Мухаммедкалый Абылгазиев 2013-жылы республика боюнча малды идентификациялоо боюнча мыйзам кабыл алынганын, бул долбоорго бюджеттен быйыл 40 миллион сом бөлүнгөнүн айтты. Долбоордун алкагында республика боюнча 3 миңге жакын ветеринар адистери атайын окуу курстарынан өтүшөт. Алдыдагы 3 жыл аралыгында өлкө боюнча бардык коммерциялык багыттагы мал толугу менен идентификациядан өтөт. Андан кийин майда мал жандыктарын идентификациялоо иштери башталары айтылды.

Мыйзамга ылайык, бул иш 2 жыл мурун башталышы керек эле. Бодо малга 2014-жылдын 1-октябрынан, жылкыларга 2015-жылдын 1-октябрынан, майда мал жандыктарына 2016-жылдын 1-октябрынан, канаттуулар менен аарычылыкка 2017-жылдын 1-октябрынан тарта идентификация жүргүзүү жагы каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
nur_zhoni
2016-11-18 17:01:05
Дагы эмнелерди паспорттоштурат экен чымын чиркейлердичи
+8
adyl.xxxxx
2016-11-18 17:01:56
Улуту жазылабы? бизден алып салса жок дегенде ушуларга жазылсын
+7
Medina87
2016-11-18 17:39:46
Казакстанда 10жыл мурун эле паспорттоштурушкан. Кулактарына биркалар тагылат экен цифралары менен. Паспортун корууго кызыкпапмын.
+4
talant87
2016-11-18 18:07:52
кимдир бироо бизнеси бирок колдойм
+4
T.Shaiyrbek
2016-11-18 19:12:03
Туулган жылы жазылат бекен?)))
+3
Tansuluu09
2016-11-18 19:25:57
Мин кою барлар кантет экена , мин паспорт
+4
koozu
2016-11-18 20:32:54
Бул иш азыр зарыл бекен? а ушул иш ишке ашса мамлекетке карапайым элге эмне пайдасы бар??
Менин жеке ойумча Кыргызстанда мынданда зарыл иштер кутуп турат:чегаралар,айлык акылар,айылда 1500 сомго бир ай иштешет,жолдорду ондоо,таза суу мн камсыз кылуу,оору каналарда места жок дарылана тургандарга,окуучуларга китептер толлук жетишпейт,иштер толтура,а карыз болсо артынан куюлуп турган убакта малга пастпорт ал учун 40 миллион сом болунду дейт..Байкуш Кыргызстан,байкуш кыргыз Элим...
+6
nurik838383
2016-11-18 23:33:25
Биротоло Нике куболгугун деле чыгаргыла, анан ветеринарный паспорт столго ветзагска чуркап журот экенбизда мал кой туура, тооктуку не болот жумурткасы???? :-D 66666666
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан