Ош шаарында суу жылытуучу жаңы аппарат ойлоп тапкан окутуучу Илимдер академиясына нааразы

Ош технологиялык университетинин окутуучусу Баатыр Акматов суу жылытуучу жаңы аппарат ойлоп тапты. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда ойлоп табуучу өзү SUPER.KG порталына айтып берди.

"Аппаратты иштеп чыгууга бир канча убакыт жумшадым. Аны жасоодо майда электроддорду пайдаландым. Суу жылытуучу "Аристон" сыяктуу аппараттарга караганда мен жасаган аппарат электр энергиясын 2 эсе аз талап кылат. Маселен, "Аристон" 250 киловатт электр энергиясы менен суу жылытат. Эгерде энергиянын кубаттуулугу 150 киловаттка түшсө, сууну жылыта албай калат. Мен ойлоп тапкан аппарат 150 киловатт энергия менен да сууну жылытуу күчүнө ээ", - деп билдирди Акматов.

Маалыматка ылайык, окутуучунун жаңы аппараты электрофизикалык иондоштуруу ыкмасы менен жасалган. Ойлоп табуучу бул эмгеги менен Москва шаарында өткөн көргөзмөгө катышып келген.

"Суу жылытуучу аппарат ойлоп тапсам, Илимдер академиясы көңүл буруп койгон жок. Ошол эле учурда Ош облустук жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да маани беришпеди. Мындай ойлоп табуу өлкө боюнча жок. Кызыкдар адам болсо, өлкө башындагы адамдар буга таасирленип, көңүл бурушу керек болчу. Жалпы элге жайылтуу аракетин көрсө жакшы болот эле", - дейт Акматов.

Баатыр Акматов аталган эмгегин "Кыргыз патент" ишканасы аркылуу менчиктештирип алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
elchi84
2016-11-18 17:36:04
Олко башындагылар ОЗУ менен озу .
+5
alina79
2016-11-18 21:32:47
Азаматсыз Баатыр Акматов! Ишинизге ийгилик!
+5
bond0202
2016-11-18 21:57:25
схемасын да коргозуп койсо жакшы болмок
+1
Aytur
2016-11-18 23:29:02
Чет олкодо ушинтип ойлоп тапканда быжыратып кобойтуп чыгарып салышмак
0
ABDISHkg87
2016-11-19 01:40:38
Молодец! Жакшы
+1
aslan_akjol89
2016-11-19 09:17:05
150киловатт???
150кВт x 0,77тый =115сом/саат.
Бир кундо 10саат иштесе 1115сом,ото эле расход эмеспи Баатыр байке?
-5
Kroxa
2016-11-20 23:01:28
aslan_akjol89,туура эсептединби,кадимки эле биздин аристон куну кечке иштеп айына 600го чейин чыгат акчасы сен 10саатта 1115 сомду кайдан чыгардын..
0
aslan_akjol89
2016-11-21 15:04:23
Кroxa,светке канча толойсун?1киловаттка 77тыйын толойсун.Жогоруда 150киловаттка иштейт деп жазылып турат.Эми кобойтуп келип жообун бер.(акылдуу боло бербей)1150сом болот.
-2
USSRKG
2016-11-23 09:15:51
aslan_akjol89,урматтуу Аслан бул жерде суунун коломун эске алдынбы туура эмес чыгарып жатасын.ойлонуп-кор адашып жатасын.кВт эмес ват мн эсепте кВт адашып калыптыр супер.кж
+1
aslan_akjol89
2016-11-20 23:01:32
Кимин минус бассан ошонун барып алып иштете бер.Чыгарса экономичный кылып чыгарсын да.Илимдер Академиясы колдобой койгону да ушундан болот да,экономичный эмес дешип.
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан